Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокатта үй шартында китеп жумалыгы өткөрүлүүдө (фото)

23.04.2020 14:39
2053
Ноокатта үй шартында китеп жумалыгы өткөрүлүүдө (фото)


Ноокат районунун билим берүү мекемелеринин китепканачылары өзгөчө абалда “Биз окуучулар үчүн үйдө да китепканачыбыз”деген ураан менен мектеп мугалимдери, окуучулары, ата-энелери менен бирге китеп жумалыгын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди.


Анын маалыматына караганда, дистанттык окутуу жүргүзүлүп жаткан учурда мектеп китепканачылары дагы дистанттык окутууга тоскоолдук жаратпастан, бош учурда үй-бүлөлүк кичи театрларды, китеп жөнүндө ырлар жана чыгармаларды, окуучулар тарабынан түрдүү слайддарды жасоо багытында сунуш гана берип, бирок ал сунуштар ата-энелер тарабынан дагы зор колдоо табууда.


Айрыкча ата-энелерге сунуш кылынган “Биз учурдагы психологиялык чыңалууну китеп окуу менен жеңели” аталышындагы сунушту активдүү колдошуп, ата-энелер балдарына китеп окуп беришүүдө,  деди У.Салиева атындагы орто мектебинин китепканачысы Тазагүл Мажитова.


Ал эми МЕРСИКО долбоору менен бирге уюштурулуп жаткан үй-бүлөлүк чыгармачылыкты өнүктүрүү, ата-энелер менен балдар  китепке болгон байланышын камсыздоо боюнча уюштурулуп жаткан жомоктор дүйнөсү театры өз жемишин берүүдө.


Дистанттык окутуу учурундагы китепканачылар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүк бул электрондук китептерди алгач китепканачылар өздөштүрүүсүнө түзүлгөн шарт болгондугун билдиришүүдө. “Анткени мугалимдер жана окуучулар көп учурда адабий китептерди сурап калганда аларга тез аранын ичинде китептердин электрондук жана аудио форматтагы варианттарын таап берип жатабыз. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунуш кылынып жаткан электрондук ресусртар дагы учурунда электрондук китепкананын бир булагына айланып калаары шексиз”, - дешет алар.

 

Ноокат районундагы 41 мектепте электрондук китепканалар уюштурулган болчу. Эми дистанттык окуу учурунда көпчүлүк ата-энелер үй-бүлөлүк китепканаларды түзүүнү колго ала тургандыктарын пландаштырышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн