Ноокат районунда жазгы талаа иштери 95 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдирди.
Анын айтуусуна караганда дыйкандарга техника жагынан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
“Учурда Ноокат районунда жазгы талаа иштери 95 пайызга аяктап калды. Биз бардык дыйкандарга техника жагынан жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Андан сырткары, райондо азык-түлүк тамак-аш каражаттарынын бааларын дайыма көзөмөлдөп жатабыз”, - дейт Маматалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн