Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ноокатта жыл мугалими аныкталды (фото)

13.06.2020 09:14
1586
Ноокатта жыл мугалими аныкталды (фото)


Ош облусундагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында жайгашкан Кеңеш орто мектебинин башталгыч класс мугалими Айтмамат кызы Нуркыз облустук "Жылдын мыкты мугалими-2020" кароо сынагынын облустук турунда I орунду алды. Бул тууралуу Кеңеш орто мектебинен билдирди.


Маалыматка караганда, сынак кырдаалга байланыштуу онлайн форматта өтүп, катышуучулар чыгармачыл презентациялары, ийрим менен иш алып барууларын чагылдырып, педагогикалык суроолорго жооп беришти. Анда калыстар ар бир катышуучу менен түз байланыш уюштуруп, алардын педагогикалык чыгармачылыгын көрө алышты.


Жыйынтыгында калыстардын баалоосу менен Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагында жайгашкан Кеңеш орто мектебинин башталгыч класс мугалими Айтмамат кызы Нуркыз I орунга ээ болду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн