9-августа саат 14:00 чамасында Ноокат районуна караштуу Ак-Терек айылындагы жол кырсыктан 2 айдоочу каза болду. Бул туурасында "Турмуш" басылмасы Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун 1994-жылы туулган тургуну П.Т. «Опель Зафира» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршылаш келе жаткан «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы менен кагылышкан. Натыйжада «Опель Зафиранын» айдоочусу П.Т. алган жаратынан улам Ош шаардык клиникалык ооруканасында көз жумду. Ал эми «Мерседес-Бенц-Спринтер» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу, Кадамжай районунун 1990-жылы туулган тургуну Т.А. окуя болгон жерде мерт кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн