Бугу 11, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ноокаттын Кеңеш айылдык кеңешинде жаңы депутат пайда болду

06.08.2020 17:07
1378
Ноокаттын Кеңеш айылдык кеңешинде жаңы депутат пайда болду


Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин башка ишке өткөнүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, анын мандаты Адиев Каныбек Ысмаиловичке өткөрүлүп берилди.


Ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылды. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештин шайланган депутатын каттоо жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү, ошондой эле төш белгини тапшыруу жөнүндө токтом кылынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн