Бугу 03, 2024
Убакыт: 01:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Ноокаттын жолу 2023-жылы оңдолуп бүтөбү?

14.02.2022 14:53
696
Ноокаттын жолу 2023-жылы оңдолуп бүтөбү?


Ош — Исфана жолу 2023-жылы толук пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.


Жусупов билдиргендей, эл өкүлдөрү февраль айынын башында Ош облусунун Ноокат районунда көчмө жыйын өткөрүп, Баткен — Ош — Бишкек багытын байланыштырган жолдун абалын көрүп келишкен. Эл өкүлү жолдун Ноокат районуна туш келген тарабы жүргүнчүлөрдү кабатыр кылып жатканын айткан.


«Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча Жапониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган келишим боюнча аталган каттамдагы жол 2018-жылы башталып, 2023-жылы толук пайдаланууга бериле турганы көрсөтүлүптүр. Ортодо иштин туруп калышына дүйнөлүк пандемия кесепетин тийгизди. Эми ушул жылы токтогон иш кайра улантыларын адистер белгилешти», – деген эл өкүлү.


1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга келген 10 млрд. доллардай сырткы жардамдын 26% транспортко жана жолго каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн