Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ноокен районунда мыйзамсыз 30 миңден ашык бөтөлкө аныкталды

12.03.2021 15:21
559
Ноокен районунда мыйзамсыз 30 миңден ашык бөтөлкө аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жүргүзгөн рейддик иш-чараларынын жүрүшүндө алкоголдук ичимдиктерди лицензиясыз жана уруксат кагаздарысыз мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.


Белгилүү болгондой, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашык ар кандай аталыштагы жана идишке салынган 30168 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер алынды.


Тактап айтканда, эки дүкөндөн күмөндүү акциздик маркалары бар 7300 бөтөлкө алкоголь алынды. Мындан тышкары, лицензиясы жана уруксаты жок алкоголдук ичимдиктери бар ири кампалар аныкталып, анда 22 миң 868 бөтөлкө алынган.


Ишкердиктин субъектилерине карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн