Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 17:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ноокен районунда сел жүрүп, бир өспүрүм каза болду

Ноокен районунда сел жүрүп, бир өспүрүм каза болду


Ноокен районунда селден улам 300 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, күн мурун нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски-Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттордон топтолгон сел жүргөн.

Селдин кесепеттерин жоюуга жерине жалпысынан 134 кызматкер, 13 инженердик техника тартылган.

Тилекке каршы, Эски-Кочкор-Ата айылынын кичинекей тургуну Э.Ж. атуу өспүрүмдү сел алып кеткен. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан саат 19:10до табылып, жакындарына беришкен.

Момбеков айыл аймагындагы сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар. Учурда эки айылдагы кооптуу болгон жалпы 300 турак үйдүн жашоочулары убактылуу эвакуацияланды.

Мындан тышкары, сел суулары Бишкек – Ош унаа жолунун 518-чакырымын каптап, 1 чакырым аралыктагы жолдон сел суулары аккан. Саат 21:10до аталган унаа жол тазаланып, бир тараптуу ачылды.

Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн