Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокен районунда жаңы төрөт үйү ачылды (фото)

19.01.2023 11:07
184
Ноокен районунда жаңы төрөт үйү ачылды (фото)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ноокен районундагы төрөт үйүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.


Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки кабаттуу имарат 50 орунга ылайыкталган жана 3 төрөт бөлмөсү, операциялык блок жана палаталарды камтыйт.


Акылбек Жапаров 2023-жылы негизги басым социалдык объектилерди, анын ичинде ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга жасаларын айтты.


Андан соң министрлер кабинетинин башчысы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, ошондой эле ишкананын жаңыланган профилакторийинин ачылышына катышты.


Белгилей кетсек, жыл ичинде аталган профилакторийде «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун 800дөн ашуун кызматкери дарыланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн