"Ноокен жаштары" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган коомдук бирикмеден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, демөөрчүлөрдүн жардамы менен 45 үй-бүлөгө азык-түлүк берилген.
Ошондой эле, жаштар муну менен токтоп калбастан, жакынкы аралыкта кийинки иш-чараны өткөрөрүн белгилешти.
Маалыматка таянсак, "Ноокен жаштары" коомдук бирикмеси жалаң студенттерден куралып, ар кандай кайрымдуулук иштерди аткарып келишет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн