Ноокенде 6 жаштагы кызды зордуктаган эркек киши өмүр бою эркинен ажыратылды.
Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун чечими менен П.А.С. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында үч окуучу (0-класстын) мектептен үйүнө кайтып келе жатканда 28 жаштагы эркек киши аларды үйүнө чакырып алган. Андан соң ал кыздардын бирин кошуна имаратка алып барып зордуктаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн