Бугу 21, 2024
Убакыт: 22:05
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Ноокенде УКМКнын кызматкерлерине жаңы имарат курулду

13.09.2021 08:40
737
Ноокенде УКМКнын кызматкерлерине  жаңы имарат курулду

 Ноокенде УКМКнын кызматкерлерине  жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



УКМКнын Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, бүгүн 2021-жылдын 12-сентябрында пайдаланууга берилди. Имараттын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Аземге атайын кызматтын ардагерлери, аймактагы өздүк курам жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да чакырылды. 


Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кызматкерлерди заманбап, бардык тийиштүү шарттар менен камсыздалган имаратта иш алып барууда мыйзамды так сактоо, өлкөнүн коопсуздугу үчүн коюлган талаптарды так аткаруу зарылдыгын эскертти.


Мындан ары дагы өлкө аймагында атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмдөрүнө зарыл болгон бардык шарттар түзүлөөрү айтылды. Жакынкы кундөрү дагы бир катар райондордо жаңы имарттар пайдаланууга берилмекчи. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн