Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ноокенде бейтаптарды дарылоо үчүн 400дөн ашуун орун даярдалды

07.07.2020 09:11
958
Ноокенде бейтаптарды дарылоо үчүн 400дөн ашуун орун даярдалды


Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бейтаптарды дарылоо үчүн төрт жүздөн ашуун орун даярдалды. Бул тууралуу райондун акими Эркинбек Маматаев билдирди. 

Анын айтымында, даярдалган орундардын 228и бейтаптарды жаткырып дарылоого, ал эми 194ү күндүзү кабыл алууга ылайыкталган.

Ноокен аймактык ооуканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 20 орун, Кочкор-Ата облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 105 орун, Сакалды айылдык ооруканасында 18 орун, Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 20 орун, Кочкор-Ата аймактык оорукансынын терапия бөлүмүндө 30 орун, Бүргөндү айылдык ооруканасында 35 орун уюштурулду.

Бейтаптарды күндүзгү кабыл алуу үчүн райондун аймагындагы 17-үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда 41 орун, Масы айылдык спорт комплексине 50 орун, Кочкор-Ата шаарындагы спорт комплекске 53 орун, "Кыргызнефтегаз" ААКнын профилакториясына 50 орун даярдалды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн