Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда куткаруучулар өмүрүн кыюуга аракет кылган жаранды сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 15-сентябрда саат 09:27де болгон. Анда Сакалды айылынын 1976-жылы туулган тургуну насостук станциянын башына чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган.
Жерине Ноокен райондук №55 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, жаранды станциянын башынан түшүршүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн