Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:22
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ноокенде милиция кызматкери башына атылган абалда дааратканадан табылды

27.01.2022 14:30
1730
Ноокенде милиция кызматкери башына атылган абалда дааратканадан табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда милиция кызматкери дааратканада өзүн башка атып, каза болду. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.


Түзүмдүн маалыматы боюнча, 26-январда саат 17:30 чамасында Ноокен районунун күзөт бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага сержанты — 1989-жылы туулган Р.Т. дааратканада белгисиз себептерден улам өзүнө бекитилип берилген «Тульский Токарев» (ТТ) 7,62 мм үлгүсүндөгү табелдик ок атуучу куралы менен өзүн баш тарабына атып, окуя болгон жерде көз жумган.



«Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жана күзөт бөлүмүнүн жетекчилиги, Ноокен районунун прокурору, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин тергөө ыкчам топтору барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган. Топтолгон материалдар Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине өз өмүрүн кыюу болуп катталды. Материалдар райондук прокуратурага өткөрүп берилди», - деп айтылат маалыматта.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн