Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ноокенде өткөрүлгөн түнкү рейдде бир топ кылмыштын бети ачылды

Ноокенде өткөрүлгөн түнкү рейдде бир топ кылмыштын бети ачылды

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү мекеме өкүлдөрү менен биргеликте «Өспүрүм-түн»  аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Рейддин алкагында өспүрүмдөрдүн түнкү убакыттарда себепсиз коомдук жайларда жүргөн учурлары көзөмөлгө алынды. 

Жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жашы жете электер тарабынан жасалган 2 уурулук фактысынын бети ачылды. Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок түнкү убакытта көчөдө жүргөн 10 өспүрүм аныкталып, тиешелүү жумуштар алып барылды.  


Мындан сырткары Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жашоо шарты оор абалда болгон 1 жаш өспүрүм аныкталып, топтолгон материалдар Ноокен райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө жана балдар иши боюнча комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.


Ошондой эле рейд учурунда 1963-ж.т. К.Э. аттуу Ноокен районунун тургуну 500 грамм чамасындагы наркотикалык баңгизаты менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.


Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери тарабынан мал уурулуктардын алдын алуу багытында район аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Милиция жергиликтүү тургундарды өз малдарын талаага чыгарган учурда да көзөмөлгө алууга чакырышты. Ошондой эле ар күнү малдарынын санын тактап, түнкү убакыттарда сарайларына көз салып, уурулардан сак болууга үндөштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн