Бугу 16, 2024
Убакыт: 02:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ноокенде 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз табылды

21.08.2020 15:20
1206
Ноокенде 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз табылды


Ноокен жана Таш-Көмүр райондорунда рейд өтүп, 5 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм табылды. Бул тууралуу    Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБдин жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери тарабынан, балдарды социалдык коргоо боюнча комиссия менен биргеликте, тейлеген аймагында жайгашкан базарларда, коомдук жайларда, жол жээгинде мыйзамсыз кайырчылык-тилемчилик менен алектенген жаш өспүрүмдөр арасында “Тилемчи” аталышындагы атайын алдын-алуу ыкчам иш-чаралары өткөрүлүүдө.


14-август күнү Ноокен милициясына 34 жаштагы Ю.М., 16 жаштагы кызы Ю.А., тай атасы жашаган Ноокен районунун Бирлик айылындагы үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгондугун билдирип кайрылган. Рейддин жүрүшүндө, жаш өспүрүм Ю.А., курбу кыздары менен жүргөн жеринен табылып, апасына өткөрүлүп берилген.                                                               

Иш-чаранын негизинде аныкталган ар бир жаш өспүрүмгө жана алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, селсаяктык, тилемчилик менен алектенишкендигин болтурбоо жана балдардын ден соолугуна, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбөө максатында түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн