Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ноокенде рейд учурунда ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду

29.09.2020 10:56
1655
Ноокенде рейд учурунда ресторанда өткөрүлүп жаткан той токтотулду


Ноокен районунда буга чейин эскерт алып, дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Ноокен РИИБ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин жайылуусун болтурбоо, санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү кызмат өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ район аймагындагы базарларды, кафе-ресторандарды, жарандар көп топтолуучу жайларды текшерүүгө алышты. Санитардык нормаларды сактабай, коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө эскертүүлөр берилди.


Мындан сырткары 4 коомдук жайларга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси менен протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Буга чейин айып пул салынып, бирок дагы деле мааракелерди кабыл алып жаткан ресторандагы той токтотулду. Учурдагы кырдаалды эске албай алдыда дагы буюртмаларды кабыл алган ресторандын буюртмалары токтолуп, 26-сентябрда чыгарылган штабдын чечими тааныштырылды. Штабдын чечими аткарылбаган учурда мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилди.


COVID-19 илдети адамдын кызматына, байлыгына карабай жуга тургандыгы, анын алдын алуу санитардык нормаларды жана жеке гигиенаны сактоо экендиги жеткирилди. Илдетти жугузбоого ар бир жаран өзү үчүн кам көрүп, айтылып жаткан медициналык каражаттарды жанына салып жүрүү керектиги белгиленди.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн