Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ноокенде заманбап милициянын аймактык пункту курулду

10.08.2022 15:07
488
Ноокенде заманбап милициянын аймактык пункту курулду



Элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында Момбеков айыл аймагында Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык пункту курулду. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.


Заманбап имаратка 4 сотых жер ажыратылып, Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү тарабынан каржыланган. Милиция пункту Бишкек-Ош автожолунун боюнда жайгашып, трасса аркылуу каттаган сырткы жана ички туристтердин, жергиликтүү тургундардын кайрылууларын кабыл алат. 


Имараттын сыртына видеокамералар орнотулуп, нөөмөттө турган кызматкер көзөмөлдөгөн компьютерге туташтырылган. Заманбап эшик, терезелер коюлуп, сырткы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.


Административдик камера жасалып, темир эшик менен бекитилди. Кызматкерлер эс алуучу бөлмө даярдалды. Имарат ичине аристон орнотулуп, заманбап жуунуучу кабина, кол жуучуу жайлар жайгаштырылды.


Милициянын аймактык пункту жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн