Бүгүн, 21-мартта өлкөдө Нооруз майрамы белгиленип жатат. Бул күн Кыргызстанда эле эмес, Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган майрамы.
Баарыбызга белгилүү болгондой, “Нооруз” деген сөз “жаңы күн” дегенди билдирет экен. Андыктан кыргыз ата-бабалары бул күндү жаңы жыл катары белгилешкен. Жаз келди, жаңы күн келди, жаңылык келди, жакшылык келди деп эсептешкен. “Жер жарылып чөп чыкты, желин айрылып сүт чыкты. Демек, жашоо уланат” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Жаңы жашоодон үмүт кылган кыргыз журту Ноорузду жаңы дем менен көңүлдүү маанайда өзгөчө шаң менен өткөргөн.
Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан бери бул
майрамды жыл сайын мамлекеттик деңгээлде белгилеп келебиз. Тилекке шаршы, быйыл
пандемияга байланыштуу жеке коопсуздукту камсыздоо максатында масштабдуу
деңгээлге белгилөөгө уруксат беришкен жок.
Нооруздун шаңы сүмөлөк
Бизде башка өлкөлөргө караганда Нооруз майрамын белгилөө сүмөлөк кайнатуу менен өзгөчө. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө ар кандай уламалар айтылат. Сүмөлөк бүтүндөй бир журтту ачарчылыктан сактап калган ыйык тамак катары белгилеп келебиз. Анын ден соолукка пайдаалуу, жегиликтүү, берекелүү жана ширелүү экенин өзгөчө белгилешет.
Сүмөлөктүн жасалуу ыкмасы өзгөчө. Себеби аны даярдоого 3-4 күн талап кылынат. Адегенде буудайды өндүрүп алып, аны майдалап суусун бөлүп алат. Ысыган казанга май менен унду кууруп, өндүрүлгөн буудайдын маңызын кайнатып, улам суусун куюп аралаштырып туруу керек. Ошентип 12 саат бою кайнатып, кайра 12 саат демдеп коюу керек. Сүмөлөктү ачканда үстүндөгү каймагын жакшы жышаан менен жорушкан. Сүмөлөктүн дагы бир касиети үстүнө кандайдыр бир сүрөттөр түшүп уюп калаарын көрүүгө болот. Аны бышырган энелер тобу эмне көрсө ошого жооруп, жакшы тилек айтып чыпалак менен ооз тийип көрүшкөн.
Бул жөрөлгө бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатканы, жыл сайын өнүгүп жатканы кубандырат. Борбор калаабыздагы конуш тургундары, айыл жергесинин жашоочулары жыл сайын бышырууну адатка айландырып алышкан.
Аластоо
Кыргызда эски жыл аяктап, эртең жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү
ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди,
адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды аласташкан.
Алас, алас,
Ар балээден калас,
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл келди.
Алас, алас,
Айдан аман,
Жылдан эсен,
Жакшылыкты теңир берди,
Жарык күндү кеңири берди.
Орообуз
данга толсун,
Оозубуз нанга толсун!
Алас, алас - деп аласташкан.
Жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-сууга, тоо-ташка сыйынып жалынган, арпадан, буудайдан көжө, сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу ичишкен.
Пикирлер (1)