Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:04
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Нөшөрлөгөн жамгырдан Москванын көчөлөрүн суу каптады

14.06.2024 12:11
3467
Нөшөрлөгөн жамгырдан Москванын көчөлөрүн суу каптады


Москвада кайрадан нөшөрлөгөн жамгыр жаады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.


Апокалипсистин элементтери борбордун ар кайсы аймактарында байкалып жатканы белгиленет. Көчөлөрдүн бири дарыяга айланып, жүргүнчүлөрдү ташыган автобус суу ичинде калса, жакын жерде дагы бир нече унаа калкып жүрөт.


Унаа токтоочу жайларды жана соода борборун да суу каптаган. Суу айрым батирлерге да жеткен.


Москвада нөшөр үчүнчү күн катары менен уланууда. Синоптиктер шаардын айрым аймактарында дээрлик бир айлык жаан-чачындын жаагандыгын баса белгилешүүдө. Нөшөрлөгөн жаан аптанын аягына чейин жаашы мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн