Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 15:51
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Ноутбук сатып, бир күндө 200 миң сом тапкан бизнесмен Нурсултандын ийгилиги (видео)

26.04.2021 11:05
1503
Ноутбук сатып, бир күндө 200 миң сом тапкан бизнесмен Нурсултандын ийгилиги (видео)

Бишкектеги ЦУМ соода борборунда жайгашкан NotnikKG дүкөнүнүн негиздөөчүсү, жеке ишкер Нурсултан бизнес ачуу идеялары жана андагы жетишкендиктери тууралуу Ютубдагы “#БАЛКОНСКИЙ” каналына айтып берди.


Нурсултан 25 жашта, кесиби боюнча бухгалтер, өзү болсо бойдок. Ноутбук жана нетниктерди сатуу ишкерчилигин байкеси менен 2015-жылы баштап, ошондон бери бизнесте жүрүшөт. ЦУМдан алган орду үчүн айына 50 миң сомдун тегерегинде ижара акысын төлөйт. Ал эми сатуучуларга 13 мин сом аклад, андан тышкары товарды сатканына жараша пайызын кошуп берип, жалпы 23 миң сомдун тегерегинде айлык төлөп берет.


Бир күндө 15 ноутбук сатып, 200 миң сомго чейин акча тапкан ийгиликтүү күндөрү болоорун айтат Нурсултан. “Бир кеңсе ноутбуктун орточо баасы 8000 сомдон башталып, 15 000 сомго бааланат. Соода начар дегенде күнүнө кассага 20 000 сом түшсө, орточо болду дегенде 50 000 сомго чейин, ал эми жакшы болгондо 100 000 сомдой акча түшөт”, - деди жеке ишкер.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн