Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Новиков: 1-сентябрга карата «Мекен карт» берилип башташы керек

17.03.2021 10:08
594
Новиков: 1-сентябрга карата «Мекен карт» берилип башташы керек

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков «Мекен карт» демилгесин ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Мыйзам 2020-жылдын 4-августунда күчүнө кирген, бирок бүгүнкү күнгө чейин ал ишке ашырылбай келет. Чет элдик жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалы маселесин жөнгө салуу боюнча чараларды кабыл алуу керек. Мыйзамга ылайык, чет элдик жарандыгы бар мекендеш макамына ээ болгон чет элдик жарандарга белгилүү укук жана жеңилдиктер берилет. Биз аларды мындан ажыратпашыбыз керек», - деди Артем Новиков.

Белгиленгендей, «Мекен карт» - бул чет элдик жарандыгы бар мекендештин документи, ал мамлекеттик маанидеги документ катары чет элдик жарандыгы бар мекендештин макамын тастыктайт.

Аталган демилге өз учурунда ишке ашырылса, чет элдик жарандыгы бар мекендеш макамына ээ болгон чет элдиктерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралмак:

- визасыз кирип/чыгуу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жашап туруу укугун тариздөөсүз түрдө туруктуу жашоосу;

- эмгек визасын жана ишке уруксаат берүүнү тариздөөсүз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү;

- келген жери боюнча жеңилдетилген формада каттоодон өтүүсү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурдан тарта 90 күн ичинде);

- Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей акы төлөө шартында медициналык жана билим берүү тейлөөсүн алуусу;

- жер үлүшүнө жана/же жер тилкесине укугу пайда болгон учурдан тарта (эгер мураскер болсо), ал жер КР жаранынын пайдасына алынмайынча, аны 10 жылга дейре пайдалана алуусу.

Талкуу жыйынтыгы боюнча бир жумалык мөөнөттө «Мекен картты» даярдоо боюнча финансы-экономикалык эсептерди, ошондой эле тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча эсептерди киргизүү тапшырылды. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин бардык юридикалык процедураларды жыйынтыктоо зарыл жана 1-сентябрдан тарта «Мекен карт» берилип баштоосу тийиш.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн