Бишкекте 22 откана газга өткөрүлөт. Бул тууралуу борбор калаадагы ыш көйгөйүн чечүү жолдору боюнча коомчулуктун жана экологиялык эксперттердин жыйынында Артем Новиков билдирди.
«Чыгым 200 млн сомду түзөт. Биз бул акчаны табабыз. Муну Балбак Түлөбаев буга чейин талкуулаган элек», - деди ал.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Новиков абанын булганыш көйгөйүн бир жылдын ичинде чечүүгө болбой тургандыгын, бирок деңгээлин акырындык менен төмөндөтүүгө боло тургандыгын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн