Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Новиков: Президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгы кагаз жүзүндө калбасын

17.03.2021 10:56
1150
Новиков: Президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгы кагаз жүзүндө калбасын

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Талкуунун жүрүшүндө Артем Новиков белгилегендей, концепциянын долбоору толукталып иштелип чыгышы керек, анда көрсөтүлгөн бардык иш-чараларды жүзөгө ашырууга басым жасалышы керек.

«Концепцияда бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун камтыган руханий багыттамалар тутумун түзүүгө арналган көлөмдүү улуттук милдеттер каралышы тийиш. Концепциянын бардык компоненттери теориялык жоболорду гана эмес, практикалык сунуштамаларды да камтышы керек», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, Концепция кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүндө коомдук адеп-ахлакка, жарандык аң-сезимге, адамдын адамга карата мамилесине оңдуу таасирин тийгизиши керек.

Талкуу жыйынтыгы боюнча концепциянын долбоорун толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды, мында анын эксперттик колдоосун жана потенциалын кеңейтүү, ошондой эле кеңири коомдук талкууга алынышы эске алынышы зарыл.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин кол коюлган Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун иштеп чыгуусу жана коомчулуктун кароосуна киргизүүсү тапшырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн