Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Новиков: Салык администрациясын санариптештирүү алкагындагы иш-чаралар белгиленген мөөнөттө өтүүсү тийиш

16.12.2020 20:47
583
Новиков: Салык администрациясын санариптештирүү алкагындагы иш-чаралар белгиленген мөөнөттө өтүүсү тийиш

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков салык администрациясынын процедураларын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумун, КНС аналитикалык көзөмөл тутумун жана товарларды санариптик маркировкалоону (дары-дармек каражаттарын кошо алганда) ишке ашыруунун баскычтары талкууланды.

Ар бир маселе боюнча бетачарлар даярдалып, анын жыйынтыгы боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканы санариптештирүү боюнча мамлекеттик программа алкагында ири долбоорлорду ишке киргизүү, анын катарында бизнестин ишин жаңы санариптик форматта жүргүзүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган салык процедураларын фискалдаштыруунун бир катар компоненттерин ишке киргизүү үстүндө иш алып барууда.

Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча канааттандырарлыксыз жүргүзүлүп жаткан ишке карата сын-пикирин билдирди.

«Биздин алдыбызда чек арадагы ыктымалдуу коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча маанилүү жана олуттуу милдет коюлган. «Бириккен пост» автоматташтырылган тутумун пилоттук режимде ишке киргизүү, ошондой эле бажы өткөрүү пункттарын жана салмак-габариттик көзөмөлдү автоматташтыруу тууралуу так милдет коюлган. Тилекке каршы, бүгүн биз Өкмөттүн чечимдери иш жүзүндө кандай аткарылып жаткандыгына күбө болдук. Мен салык, бажы, чек ара жана салмак-көлөмдүк бирдиктүү маалыматтык тутумдун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. 2020-жылдын 20-декабрында «Бириккен пост» автоматташтырылган тутуму «Чалдыбар - Автодорожный», «Ак-Тилек -Автодорожный», «Чоң-Капка – Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарында пилоттук режимде ишке киргизилиши керек. Аталган тутумдун аягына чейин иштелип чыкпаган компоненттери аны толук кандуу ишке киргизүүгө тоскоолдук келтирүүдө. Белгилей кетсем, автоматташтырылган тутум биринчи кезекте, салык кызматына керек, анткени, ал толук кандуу ишке киргизилгенде, коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылат, ал эми чогултулган каражаттар республикалык бюджетти толтурууга багытталат», - деди ал.

Көчмө жыйындын соңунда жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Алсак, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда «Ак-Тилек» жана «Чалдовар» транспорттук көзөмөл пункттарынын 22 кызматкери, «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Ошондой эле Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамындагы кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу ротацияланды. «Ош» бажы процесстери борборунун начальниги жана «Достук» өткөрүү пунктунун начальниги жана бажы кызматынын башка бир катар кызматкерлери кызматынан төмөндөтүлдү.

Мындан тышкары, салык түзүмүнүн товарларды ташып келүүнү көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.

Артем Новиков белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы бардык өз ара аракеттенүү электрондук форматта гана жүргүзүлүшү керек.

«Долбоорду ишке ашырууда адам фактору толугу менен жок кылынышы керек. Товарга коштолуучу керектүү документтер бул кызматтардын жооптуу кызматкерлеринин алдында же алардын көзүнчө толтурулбашы керек, бардык иш-аракеттер контаксыз жүргүзүлүшү зарыл. Азыр тутум ишке кирсе дагы, кагаз түрүндөгү документтер колдонула берет деп 95% ишенем. Бул компонентти олуттуу түрдө иштеп чыгуу керек», - деп баса белгиледи Премьер министрдин м.а.

Артем Новиков кошумча нарк салыгы жана товарлардын санариптик этикеткасын көзөмөлдөөнүн аналитикалык тутумун (дары-дармектерди кошо алганда) талкуулоодо бул долбоорлорду өз убагында жүзөгө ашыруу керектигин белгиледи.

«Салыктык башкарууну санариптештирүүнүн алкагындагы бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Бул тапшырмаларды кеч аткаргандыгы үчүн ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик тартат», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга учурдагы бардык техникалык көйгөйлөрдү чечүү, анын ичинде «Бириккен пост» маалыматтык тутумунун жана салмак-габариттик көзөмөлдөө тутумунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Салык жана бажы кызматтарын кайра түзүү боюнча долбоорлорунун ишке ашырылышы туруктуу негизде көзөмөлгө алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн