Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:01
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Новиков: Өкмөт бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын ишке киргизүүдө

23.01.2021 08:11
570
Новиков: Өкмөт бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын ишке киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын финансы-экономикалык көйгөйлөрүнөн сабак алуу менен бюджеттик саясаттын жаңы концепциясын ишке киргизүүдө. Бул туурасында премьер-министрдин жана биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков бюджеттин, 2021-жылдын январь айына болжолдуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышы, ошондой эле бюджеттик саясаттагы жаңы кадамдарды киргизүү маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Артем Новиков белгилегендей, өткөн жылдын соңунда 2021-жылга дээрлик амбициоздуу бюджет кабыл алынган.

«2020-жыл күтүлбөгөн абалдын кайталануу тобокелдигинин алдын алуу иретинде тийиштүү резервдерди уюштуруу зарылдыгын көрсөттү. Буга байланыштуу биз Финансы министрлиги менен биргеликте салык киреше көлөмүн Өкмөттүн үстүбүздөгү жылдын бардык социалдык милдеттенмелери менен сихрондоштуруу максатында республикалык бюджетин киреше жана чыгашаларынын ар айлык планын болжодук. 2020-жылы орун алган абал бизди жакынкы мезгилдеги бардык бюджеттАик саясатты өзгөртүүгө түрткү берди. Концепциянын негизги маңызы Өкмөттүн бардык социалдык милдеттенмелерин – пенсия жана жөлөкпулдарды, карыздарды төлөө салык кирешелерине байланат. Биздин фискалдык органдар, экономикабыз калктын социалдык милдеттенмелерге карай муктаждыгын толугу менен канагаттандырышы керек. Мындан тышкары, биз келерки жылдын жана мезгилдердин чыгашасы өткөн жылдардын киреше деңгээлинен ашпоосу тийиштигин түшүнүүбүз керек. Натыйжада, биз бюджеттин киреше бөлүгү боюнча тийиштүү резервдерди уюштуруп жана аларды экономиканы өнүктүрүүгө багыттай алабыз», - деди ал.

Өкмөт башчынын м.а. билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин линиясы боюнча эки фонд түзүлөт, анын бири - резервдик фонд, ага бекитилген бюджет долбоорундагы бардык эсепке алынбаган кирешелер түшөт. Бул каражаттар күтүлбөгөн абалдарды каржылоого жана социалдык милдеттенмелерди төлөөгө, же экономиканы өнүктүрүүгө багытталат. Бул каражаттар башка максаттарга чыгымдалбайт.

«Биз тыштан карыз алуу боюнча саясаттын багытын өзгөртөбүз. Кредиттик каражаттарга тийиштүү бардык зайымдар экономиканы өнүктүрүүгө гана жумшалып, кайтарым негизде берилет. Натыйжада, бул тышкы карызды төлөө боюнча тобокелдиктерге таасирин тийгизбейт. Бул ЧУА пакетиндеги маанилүү учурларды парламентке үстүбүздөгү жылдын февраль айына чейин киргизүү керек», - деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын м.а. кошумчалагандай, 2021-жылдын 20-январына карата январь айына карата киреше бөлүктү аткаруу планы 82 % аткарылган. Бул Финансы министрлигинин жана фискалдык органдардын ишинин мыкты көрсөткүчү.

Январь айы үчүн бардык социалдык милдеттенмелер, пенсия, жөлөкпулдарды жана башка төлөмдөрдү төлөө график боюнча, эч кандай кармалуусуз каржыланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн