Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 11:46
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Новиков өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүүнү сунуштады

15.03.2021 17:17
491
Новиков өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иш чараларды жүргүзүүнү сунуштады

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков мамлекеттик жана социалдык мекемелердеги өрт коопсуздугу эрежелерин сактоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Аталган кеңешме билим берүү мекемелериндеги өрт кырсыгынын келип чыгуу окуяларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу демилгеленген.

Артем Новиков белгилегендей, өрттүн келип чыгуусунун негизги себеби катары өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча тутумдуу иштин жүргүзүлбөгөндүгү саналат.

«Акыркы 2,5 айдын ичинде мектептерде үч өрт кырсыгы катталган. Тармактык түзүмдөрдүн чубалгыларды жана трансформаторлорду тыкыр көзөмөлдөөдөн тартып, калк арасында натыйжалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө дейре ырааттуу өз-ара аракеттешүүсү зарыл», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Биринчи вице-премьер-министр окуу процессин тез арада жандандыруу максатында тийиштүү тармактардын өрттөн кийинки кесепеттерди жоюу жана зыяндын өлчөмүн баалоо боюнча ыкчам иш жүргүзүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

«Бардык калыбына келтирүү иштери окуу жылы башталганга дейре жыйынтыкталышы керек», - деди Артем Новиков.

Ошондой эле ал өрткө каршы талаптарга ылайык келүүсүн ыктыярдуу моюнга алуу принцибин ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгууну тапшырды, бул өз кезегинде турак-жайларды жана коммерциялык обьектилерди пайдаланууда жана курууда жарандардын жана бизнестин жоопкерчилигин жогорулатууга шарт түзөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн