Кытайдан ишкерлердин товарлары поезд аркылуу ташыла баштады. Мындай кабар менен вице-премьер-министр Артём Новиков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
“Бүгүн бизде маанилүү окуя болуп жатат. Кытайдан алгачкы 47 вагон жүк поезд менен келди. Бул контейнерлерде биздин Дордойда, башка базарларда иштеген ишкерлердин жүктөрү бар. Ал экспресс каттам менен Кытайдын Үрүмчү шаарынан түз келди. Бул үчүн Садыр Жапаровдун бир топ аракети болду”, - дейт ал.
Пикирлер (1)