Бугу 21, 2024
Убакыт: 04:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Новосибирск-Бишкек каттамы менен 176 Кыргыз жараны учуп келет

22.04.2020 17:36
980
Новосибирск-Бишкек каттамы менен 176 Кыргыз жараны учуп келет


Новосибирск-Бишкек каттамы менен 176 Кыргыз жараны учуп келет. Бул тууралуу Россиядагы Элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 22-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00дө Новосибирск шаарынын “Толмачево” аэропортунан 176 орундуу самолетто Новоисбирск-Бишкек авиакаттамы менен мурун билет алган кыргыз жарандары учуп келет. Ал эми каттамга биринчи кезекте балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган жарандар, оорукчандар отургузулууда.


Маалыматка таянсак, жалпысынан бул каттамды 300дөн ашуун кыргызстандык күтүп жатышкан. Мындан улам Сибирь авиа жолдору компаниясына билеттери барлардын баары отура албай калгандыгын билдиришти.


Пландалган авиакаттам менен учпай калган кыргызстандыктарга Башкы Консулдук жана аймактагы кыргыз диаспоралык уюмдары тарабынан тйииштүү жардамдар көрсөтүлөрү айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн