Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Новопавловка айылында окуучулар мушташып, бир бала ооруканага түштү

18.10.2021 17:39
973
Новопавловка айылында окуучулар мушташып, бир бала ооруканага түштү

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мектеп окуучуларынын мушташы боюнча милиция кызматкерлери текшерүүнү баштады.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 16-октябрда Фрунзе менен Сад көчөсүнүн кесилишинде өспүрүмдөрдүн чогулуп жатканы жана мушташы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жөнөп кеткен. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.


“Өспүрүмдөр мушташ болбогонун билдиришкен. Мындан сырткары, Бишкектеги ооруканалардын бирине Новопавловка айылынын 2006-жылкы А.Н. аттуу бала ооруканага кайрылганы аныкталган”, - деп айтылат маалыматта.


Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн