Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:25
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Новопавловкада 18 жаштагы небересин бычак менен жарадар кылган жаран кармалды

Новопавловкада 18 жаштагы небересин бычак менен жарадар кылган жаран кармалды


Новопавловка айылында 68 жаштагы жаран кармалды. Ал 18 жаштагы небересин бычактаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Окуя күн мурун, 13-июнда саат 17:00 чамасында болгон. 68 жаштагы К.А. мас абалында 18 жаштагы небереси А.Аны бычак менен сайып салган. Жигит борбордогу ооруканалардын бирине жеткирилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын ортосунда чыр чыккан.


Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси боюнча катталган.


Укук коргоо кызматкерлери тез арада пенсионерди кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн