Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Новопавловкада 39 жаштагы жаран өзүнүн аялын өлтүрүүгө шектелүүдө

Новопавловкада 39 жаштагы жаран өзүнүн аялын өлтүрүүгө шектелүүдө

Сокулук районунун Новопавловка айылында 1992-жылы туулган келиндин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалыматка караганда, 17-май күнү айылдагы үйлөрдүн биринен аялдын жансыз денеси табылган. Милициянын ыкчам чара көрүү кызматы аялдын өздүгүн аныктаган. Ал 1992-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран болуп чыккан. Анын денесинде сабалганы боюнча тактар калган. 


Милиция кылмыш ишин КЖБРне "Киши өлтүрүү" беренеси менен каттап, кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу 1982-жылы туулган О.Н. аттуу жаранды кармаган. 

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн