Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Новосибирск шаарынын аэропортунда калган кыргызстандыктар мейманканаларга жаткырылды

03.04.2020 14:55
764
Новосибирск шаарынын аэропортунда калган кыргызстандыктар мейманканаларга жаткырылды

 

Кыргызстандын 132 жараны жакынкы чартердик каттамга чейин Новосибирсктин мейманканаларына жайгаштырылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, мейманканаларда жашаганга жана азык-түлүктөрүн төлөө Кыргызстандагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун Миссиясы тарабынан ишке ашырылган.


Ал эми, Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөну айтылат.


Белгилей кетсек, 31-марттан тарта Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилип, белгилүү категориядан башкасын кошпогондо, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн