Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:48
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Новосибирск менен Москвадан 331 жаран жана кыргыз диаспорасы салып жиберген дарылар келди

02.08.2020 09:49
601
Новосибирск менен Москвадан 331 жаран жана кыргыз диаспорасы салып жиберген дарылар келди


Кечээ, 1-августта Кыргызстанга «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча 169 КР жараны жана «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын борту менен Москва-Ош багыты боюнча 162 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.


Республикалык штабдан кабарлашкандай, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргызстанга кайтууга муктаж болгон КР жарандарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн, алардын катарында кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, улгайган жарандар, Новосибирсктин клиникаларында операция жасаткандар, Сибирь федералдык округунун ЖОЖдорунда окуган кыргызстандык студенттер бар. Ошондой эле бул каттам менен Сибирь федералдык округунун башка региондорунан, Иркутск облусунан жана Красноярсктан КР жарандары дагы учуп келди.


Бул рейс аркылуу Кыргызстанга Новосибирск облусунун кыргыз диаспорасы тарабынан түзүлгөн жалпы баасы 700 миң рубль болгон дары-дармек каражаттары жана ультрафиолет лампалары катары гуманитардык жүк келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн