Россиянын Новосибирск шаарында Кыргызстанга 294 жаран
келе алалбай жатат, деп билдиришти Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн,
1-апрелде парламенттин кезексиз жыйынында.
Депутат Улукбек Ормоновдун айтымында, Новосибирск шаарында Кыргыз диаспорасы кайрылып, билеттерди алып, бирок 10 күндөн бери келе албай жатканын айтышкан. Аларга чартердик каттам уюштурулуп берилери убадаланган. “Өкмөт каттамды уюштурууну тездетсе жакшы бомок”, - дейт ал.
Депутаттардын айтуусунда, билеттерин алып келе албай жаткан бул жарандардын арасында Якудан, Хабаровск аймагынан келип чогулгандар да бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн