Новосибирск шаарында иштеген эки мекендешебиз Оштогу ооруканага жардам жөнөттү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Россиянын Новосибирск шаарында ишкерлик менен алектенген Бегалы Осуев менен Шайлообек Мырзакеев Ош шаарынын мэриясына 3 даана кычкылтек концентратору, пульсометр, медициналык респираторлорду жана беткаптарды жөнөткөн.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов ишкерлерге ыраазычылык билдирип, келген жардамдарды шаардык клиникалык ооруканага өткөрүп берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн