Кулжа 29, 2024
Убакыт: 12:56
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

Новосибирсктен КР жарандары жана медициналык гумжардам алынып келди

24.07.2020 13:20
1093
Новосибирсктен КР жарандары жана медициналык гумжардам алынып келди


“Манас” эл аралык аэропорту бүгүн, 24-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.

Бул каттам Кыргызстанга Россиядан 182 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасаткан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан кыргызстандык студенттер киргизилген. Бул каттам менен КР жарандары Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалин, Хабаровск, Владивосток, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Бул каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 300 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн