Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Новосибирсктен Ошко 204 жаран кайтып келди, арасында өспүрүмдөр да бар

07.06.2020 22:39
571
Новосибирсктен Ошко 204 жаран кайтып келди, арасында өспүрүмдөр да бар


Бүгүн, 7-июнда Кыргызстанга Новосибирск – Ош аба каттамы менен «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын рейси менен Кыргызстандын 204 жараны кайтып келди. Жарандардын арасында жашы жете элек балдар да бар.


Республикалык штабдан маалымдашкандай, бул каттам менен курч муктаждыгы бар жарандар: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. 


Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспоралары менен биргеликте Россиянын Сибирь, Узак Чыгыш жана Түндүк региондорунда жашаган КР жарандарынан келип түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, кайрылуулардын түшкөн кезеги боюнча түзүлгөн.


Ошондой эле кайтып келгендердин арасында Алтай аймагында, Новосибирск, Омск, Кемерово жана Томск облустарындагы чет элдик административдик укук бузуучулар үчүн убактылуу кармоочу жайларында жаткан 16 жаран бар.


Азыркы учурда келген бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.


Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарынын кайтып келиши боюнча иштер улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн