Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:06
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Новосибирсктен келген жарандардын анализи бүгүн чыгат

23.04.2020 10:41
865
Новосибирсктен келген жарандардын анализи бүгүн чыгат


Россиянын Новосибирск шаарынан келген кыргызстандыктар “Ак Кеме” мейманканасында обсервацияда жатат. Бул тууралуу 23-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтуусуна караганда обсервацияда жаткандардын анализи бүгүн чыгат.


“Учурда лабороториялык иштер жүргүзүлүп жатат, алардын анкеталары чогултулуп, кайсыл жерде болгонун, ким менен сүйлөшкөнүн толук көзөмөлгө алабыз. Ар бир келген жаран менен кенен иш алып барылат”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн