Новосибирсктен учуп келгендердин биринен коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
"22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүндө коронавирус инфекциясы тастыкталды. Ал эми, 24-апрель күнү Стамбулдан келген 351 жарандан анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт", - деди Сабиржан Абдикаримов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн