Эгерде бийлик революция жолу менен алмашуусунан өнүгүү-өсүү, өркүндөө боло турган болсо, анда Кыргызстан 2005-жылдан бери карай гүлдөгөн өлкөгө айланып калышы керек эле. Тилекке каршы, андай болбоду. Андан кийин да бийлик эки ирет төңкөрүш жолу менен алмашты. Бирок, дагы деле чукул өзгөрүүлөрдү байкай албай жатабыз. Алтургай мамлекеттүүлүктүн өзү коркунучка кептелип калды. Өнүккөн, гүлдөгөн өлкөгө айланабыз деген үмүттүн шооласы да үлүн-бүлүн өчүп бараткансыйт. Сыры эмнеде?
Биринчи кезекте биз (эл) өз тандообузду сыйлаганды биротоло жок кылып алдык. Акчанын күчү менен добуш бердикпи, же жердешчилик, тууганчылык роль ойнодубу, кандай жол менен добуш берген болсок дагы, ошол тандообузду өз мөөнөтүнүн аягына чейин сыйлашыбыз керек эле. Балким, бул айтканыбыз көпчүлүккө жакпайт. Бирок, чындык ушундай. Тандообузду сыйлай албасак, анда өнүгүүдөн үмүт кылбай эле койгонубуз оң. Балким, бир мөөнөткө, же эки-үч мөөнөткө акчанын күчүнө, тууганчылык-жердешчиликке байланып шайлап, алданаттырбыз. Анан акыры андай кылган болбой турганын аңдап түшүнөбүз. Эволюциялык жол менен түшүнөбүз. Тууганчылык-жердешчилик казаныбызга аш салып бербей турганын, андан өлкө өнүкпөй турганын билебиз. Бир жолку добуш үчүн алган акчабыз беш-алты жылга жетпестигин акыры билебиз. Ошентип отуруп бул көрүнүштөр өзүнөн-өзү жокко чыгат. Кийинки шайлоолордо билимине, акыл-көрөнгөсүнө, тажрыйбасына басым жасалып калат эле. Биз андай жолду тандаган жокпуз, тилекке каршы. Бир жолу баскан туура эмес жолубузду кайра-кайра кайталап басып жатабыз. Натыйжасы көрүнүп турат. Бул көрүнүштөр биздин (элдин) 29 жылдын ичинде сабатсыздыктын, билимсиздиктин, маданиятсыздыктын туңгуюгуна түшүп кеткенинин белгиси.ң
Кайталаган төңкөрүштөр, кайталанган Ак үйдүн өрттөнүүлөрү, тополоң, ызы-чуу элге, мамлекетке пайда алып келип жатабы? Ошол төңкөрүш күндөрү Ак үйдүн ичине кирип барып, мамлекеттин эсебиндеги буюмдарды, техникаларды талкалап, ырахатка баткан жаш балдардын келечегине бактылуулуктун нуру жаадыбы? Айлык акылар көтөрүлүп, экономика гүлдөп, дүйнө эли суктана тургандай өзгөрүүлөргө бара алдыкпы? Жок. Тескерисинче, ошол талкаланган буюмдарды, имараттарды, техникаларды кайра эле мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө аргасыз болуп жатабыз. Демек, ансыз да абалы оор экономикабызды дагы да оорлоштуруп, очорултуп жатканыбызды качан түшүнөбүз?
Мындай кейип-кепчиген сөздөрдү көп эле айтып жатабыз. Элди, өзгөчө жаштарды эч нерсени бүлдүрбөөгө, талкалабоого, сабырдуу болууга чакырып жаткандар болду. Бирок, мунун баары кулактын сыртынан гана кетип жатат. Эмнеге? Себеби, биз 29 жылдан бери карай коомду тарбиялоону унутканбыз.
Коомду кимдер тарбиялайт? Адабияттын жана маданияттын, искусствонун өкүлдөрү тарбиялайт. 29 жылдан бери кыргыз бийлиги мына ушул тармактарга кош көңүл мамиле жасады. Натыйжада коомду тарбиялай турган, мамлекетти, элди-жерди сүйүүгө чакыра турган (курулай эле чакыра берген эмес), патриоттуулук духту ойгото турган, дагы тагыраак айтсак, уурулуктан, коррупциядан көңүл айный тургандай жагдайды түзүүчү адабий чыгармалар жазылбады. Жазылса да аз жазылды. Жалпы республиканын калкына кеңири жеткен жок. Театрларда салмактуу пъесалар аз коюлду. Алардын ордуна эгемендиктин алгачкы жылдары ачык эле жазылган төшөк кумары, ойноштук, мыкаачылык, таш боордук даңазаланган жеңил-желпи чыгармалар көп жазылды жана алар коомго көбүрөөк таркады. Жүрөктөн чыгып, жүрөккө жеткен, терең ойлорго салган, аруулукка, тазалыкка жетелеген обондор аркага сүрүлүп, маани-маңызы жеңил, жөн гана шылкылдатып бийге салган обонго окшош бирдемелер (инкубатордун жөжөлөрүндөй) жалпы жаштардын аң-сезимин толук ээлеп алды. Натыйжада таш боор, сезимталдыгы биротоло өлгөн, өзүн гана ойлогон, «мага акыл үйрөтпө, сенден жакшы билем» деген жаштар тарбияланып чыкты. Улууга урмат, кичүүгө ызаат жоголду.
Азыр «Биз бийликке барсак баарын өзгөртөт элек» деген жаштардын көпчүлүгү да тарбиясыз, маданиятсыз, жөн гана амбицяларын колдоруна бийик көтөрүп алгандар болуп жатканы 29 жылдан бери мамлекеттик бийликтин коомду тарбиялоону унутта калтырганынын жемиши.
Ак үй үч жолу өрттөндү, үч жолу кайра мамлекеттин акчасына оңдолду. Жүздөгөн миллиондор сарпталды. Төңкөрүш болгон сайын көчөлөрдө карапайым адамдардын машиналары да талкаланып, төшөлгөн брусчаткалар да сындырылып ыргытылды. ИИМге тиешелүү автоунаалар дайыма адегенде көңтөрүлүп, анан өрттөлөт. Демек, Ак үйдөн сырткары да талкаланган миллиондук чыгымдар бар. Эгер мамлекет коомду, элди адабий, маданий азыктар менен жетиштүү тарбиялап турганда ушундай болбойт эле. Тарбиялуу, маданияттуу, билимдүү коом эч качан мындайга барбайт.
Талкалап кайра ондоо үчүн эле сарпталып жаткан жүздөгөн миллиондорду мамлекеттик бийлик адабиятка, маданиятка эле сарптап койсо, акырындык менен коом тарбияланат. Ырас, 29 жылда бузулган коом 1-2 жылда эле оңоло калбайт. Бери жагы 5-6 жылда барып оңолуу жолуна түшөт. Ал үчүн бүгүнтөн баштоо зарыл. Улуу Ата-Мекендик согуш маалында да акын-жазуучулар согуштан бошотулганын, алар мамлекеттик өнүгүү жолунун өзөгүндө турушканын эске алып көрбөйлүбү.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (1)