Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Нур-Султан шаарына быйыл Манастын, 2023-жылы Айтматовдун эстелиги орнотулат

26.05.2022 11:29
1782
Нур-Султан шаарына быйыл Манастын, 2023-жылы Айтматовдун эстелиги орнотулат


 

Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Казакстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Даурен Абаев жолукту. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушууда Азамат Жаманкулов кыргыз-казак эли ортосундагы маданий алакалар жана мындан ары кызматташуунун жаңы багыттары тууралуу пикир алмашты.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Азамат Жаманкулов 2021-жылы Казакстандын маданият күндөрү Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөнү белгиленип, казак маданий өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди. 


Мындан сырткары, 2022- жылы Кыргызстан ушундай эле маданий күндөрдү Казакстанда өткөрүү үчүн камданып жатканан айтып, мыкты маданий программа менен бара турганын кошумчалады.


Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн алкагында, 2022-жылы Манастын , ал эми, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чынгыз Айтматовду 95 жылдыгына карата алардын айкелин Казакстан Республикасынын Нур- Султан шаарына орнотуу боюнча маселелер талкууланды. 


Ал эми улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин айкели Бишкек шаарына орнотуу маселеси чечилип, 26-май күнү ачыла турганыны Даурен Абаев билдирди.


Жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты дагы жогорку деңгээлге көтөрүү жана тажрыйба алмашуу максатында бир катар пландар талкууланып, аны ишке ашыруу биргеликте боло турганын макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн