Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нурбек Алакунов Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болду

26.08.2020 09:47
995
Нурбек Алакунов Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болду


Алакунов Нурбек Үмөтович Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, шайлоо 25-августта өттү. Талды-Суу айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапакер - Алакунов Нурбек Үмөтович  айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.


Шайлоого Талды-Суу айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышып, жыйынтыгында Н.Алакунов 11 депутаттын добушуна ээ болду.  Муну менен ал Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн