Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Нурбек Алимбеков: "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамында сөз укугун басмырлаган белги жок

29.06.2020 14:13
2185
Нурбек Алимбеков: "Маалыматты манипуляциялоо" мыйзамында сөз укугун басмырлаган белги жок


“Маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзамынын долбоорун мен түшүнүү менен колдодум, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Мен бул мыйзамды окуп чыгып, өз баалоом менен колдодум. Аталган мыйзам бизге керек. Анткени, фейк аккаунттарга багытталган мыйзам. Ал жерде эч кандай сөз укугун басмырлаган белги жок”, - деди депутат.


Ошондой эле Нурбек Алимбеков Бишкекте мыйзамдын долбоорунун кабыл алынышына каршы "#REАКЦИЯ 3.0" деп аталган акция тууралуу өзүнүн пикирин билдирип, ар бир адам өз оюн айтканга укугу бар экенин белгиледи. “Ар бир мыйзамдын сөзсүз каршылаштары болот. Каршы чыгып жаткандар болсо ал өз эрки жана алардын аракеттеринен кандай жыйынтык чыгат, мен билбейм”, - деп кошумчалады парламентарий.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Asol
Ахмактар 120 мал
Ал ишеничтуу бийлик болсо
Ал ишеничтуу бийлик болсо азыр сага окшогон чимкириктерге эч Ким ишенбейт
Дания
Туура ,просто провокаторы это раскачивают