Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков Төлөйкөн шайлоо округунан атаандашы Шайлообек Атазовго жооп берди.
Нурбек Алимбековдун айтымында, Атазов калп, жалган маалымат таратууну адат кылып алды.
"Менин атаандашым айткан сөздөрдүн далили жок, баары жалган. Жалган айтып, трибунадан калп айтып жатат.
Мен добуш үчүн деп бир сом да тараткан эмесмин.
Садыр Жапаровдун таза шайлоо өткөрүү ниетин колдоп шайлоого аттанып, калың элдин колдоосу менен жеңишке жеттик.
Мен дагы бир жолу атаандаштарымды сабырдуулукка чакырам",- деди Алимбеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн