Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбеков менен Шайлообек Атазов жарашты. Бул тууралуу биздин ишенимдүү булактар кабарлады.
Кечээ, 9-декабрда Кара-Суу районунун аттуу-баштуу адамдары эки азаматты элдешүүгө чакырып, натыйжада жараштырышкан.
Алимбеков менен Атазов "эркекче" кол алышып, кучакташып мындан ары элдин маселесин чечүүдө чогуу иштешүүгө даяр экендигин билдиришкен. Ушунун өзү Атазовдун жеңилгенин моюндап, агасынын алдынан өткөнүн айгинелейт эмеспи?
Эми Шайлообек Атазов "эркекче" берген сөзүнүн өтөөсүнө чыгабы? Муну убакыт көрсөтөт...
Пикирлер (2)