Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаев кайрылуу жасады

10.12.2021 17:41
2491
Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаев кайрылуу жасады



Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу №8 Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаев кайрылуу жасады. Бул тууралуу Орозбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Төмөндө Нурлан Орозбаевдин кайрылуусу берилди:


"Урматтуу мекендештер! Шайлоодо таза жеңишке жеткен Нурбек Алимбековду атайылап каралоо токтобой жатканы өкүнүчтүү. Шайлоонун бүткөнүнө 10 күндөн ашуун убакыт өткөнүнө карабастан кезектеги монтаждалган видеону жарыялашты. Бул тууралуу расмий түшүндүрмө берип коюну туура таптым. Биринчиден, видеодо добуш сатып алуу тууралуу сөз да болгон эмес. Акча санап жаткан адамдын жеке маселеси болушу мүмкүн.


Экинчиден, мен штаб жетекчиси катары ишенимдүү айтам, бир тыйын да добуш сатып алууга бөлүнгөн эмес! Биздин команда бирөөгө бир дагы тыйын таратпай, ачык иштеди.


Үчүнчүдөн, бул видео атайын жасалып, шайлоо өтүп кеткенден кийин жарыяланып жатат. Мунун түпкү максаты - атайын шантаж кылуу аракети болушу ыктымал.

Атаандаштарды татыктуу жеңилүүгө чакырмакчымын. Мындай чагымчыл аракеттер улана берсе, мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу тиешелүү органдарга кайрылуубузга туура келет. 


Мына ушул жагдайларды эске алганда бул видеону жасагандар ачык эле каралоого өтүп, жеңилгенин мойнуна алгысы келбей жатканынан кабар берет".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сыдыкова Бегайым
эч кандай акча берилбеген таза шайлоо болду барыбызды Алла карап турат
Бакыт Чотуев
Туура эн таза шайлоо болду муну эл аралык уйумдар да тастыктады