Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Шайлообек Атазовдун билдирүүлөрүнө жооп кайтарды

20.12.2021 18:25
3199
Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Шайлообек Атазовдун билдирүүлөрүнө жооп кайтарды

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаев ошол эле шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовдун билдирүүлөрүнө жооп кайтарды.


Орозбаевдин айтымында, Атазов Жогорку соттун чечимин күтпөстөн, монтаждалган, кескиленген видеону элге таңуулап жатат.


"Урматтуу Шайлообек Карыбекович, акыркы учурларда адамдарды топтоп алып, атайылап монтаждалган, ар жеринен кескиленген видеону улам элге алып чыгып, аны таңуулап жатасыз. 


Сиз өзүңүздү эл алдында ыймандуу адам катары көрсөтүп келесиз. Эгерде чындап Кудайдан корксоңуз, монтаждалган видеонун толук вариантын элге көрсөтүп алып чыгыңыз!


Видеону толук көргөн адамсыз. "Агитатор качып кетти" дейсиз. Анын биздин штабга тиешеси жок адам экенин жакшы билесиз. Бирок мыйзамсыз түрдө өзүңүз жасаткан видеону кайра чындык катары көрсөткүңүз келип жатат.


Мыйзамдуу жолду тандаганыңызда 22-декабрда боло турган Жогорку Соттун чечимин күтүшүңүз керек эле. Бирок кайра эле каралоо менен алектенип, Алимбековдун штабын жаман көрсөтүүгө өттүңүз.


Мындан сырткары, өзүңүздөргө таандык журналист аркылуу бир күн жактоочуңуз, бир күн өзүңүз бир тараптуу жалган маалымат таратып, каралап жатасыз. Динде дагы атайылап жалган маалымат таратуу чоң күнөө болуп саналат. Андыктан, эми эсиңизге келип, мыйзам талаасында иш алып барууга чакырам. Ал эми эл кимдин ким экенин так ажыратып билип калганын эсиңизден чыгарбаңыз ",- деди Алимбековдун штаб башчысы Орозбаев.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Нуризат Туйгунбек кызы
Шайлоо мурдагыга салыштырмалуу бир топ эле таза отту. Копчулук эл акчага сатылган жок, оз позициясын билдирди... Мен жол узак дебей атайын барып Алимбековду шайлап келдим... Копчулук эл Алимбековду шайлады... Атазов женилгенди да уйрон, которо бил! Нурбек Алимбековду да эл колдоду. Же сени шайлагандар эл, Нурбекти шайлагандар эл эмеспи? Элдин тынчтыгын бузба!
Атиргул
Женилген курошко тойбойт болуунун кереги жок Атазов
Тынчтык Анарбаевич
Чындыгында видео кескиленген Нурлан Штаб башчы болгон Агитатордун айлыгын бергени чын
Туйгунбек
Шайлообек женилгенден кийин эркекче кал!
Акмарал Токтосуновна
Атазов уялсан болот эле....