Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:43
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Нурбек Алимбековдун штаб кызматкери Шайлообек Атазовдун адамдарын аны коркутканы үчүн сотко берди (видео)

08.12.2021 12:56
3276
Нурбек Алимбековдун штаб кызматкери Шайлообек Атазовдун адамдарын аны коркутканы үчүн сотко берди (видео)

 Төлөйкөн бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Алимбековдун штабынын кызматкери ага карата шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган башка талапкер Шайлообек Атазов ага басым жасаганы тууралуу айтып чыкты.


Анын айтымында, 23-ноябрда Шайлообек Атазов ага телефон чалып аны коркуткан.


"Урматтуу Садыр Жапаров, 28-ноябрда сиздин демилгеңиз менен таза шайлоо өттү. 

Бирок 23-ноябрда биздин атаандаш Шайлообек Атазов телефон чалып "Эмне үчүн Нурбек Алимбековго иштеп жатасың? Мен сага көрсөтөм" деп коркутту. Ошол күнү түнкү саат 12де Атазовдун эки адамы келип мени коркутуп кетишти.

Мен алардын үстүнөн сотко кайрылдым. Өзүңүз ушул ишти көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз",- деди штаб кызматкери.


Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Замира
Уятсыз акмак ушакчы катындан маскара экенсинер олуп эле адбайсынарбы биринден бирин отуп биринди бирин жамандап чыга бербегилечи айбан намызсыздар
Чынгыз жолдошбаев
Бул киши жалганчы киши экен
АРЗИБАЕВ- Бека
Шайлобек Атазовко курук жалган жала жаап атат
Аisuluu
Нурбек Алимбеков, Кыргыз элим үчүн кызмат кылган эн бир күчтүү Инсаныбыз, элдик адам!!! Элибиздин ишеничин актап келе жатат, ошондуктан элибиз шайлап отурат. Атазовду менимче эл тааныбайт?!
Гульнура
Женилдиби озунун алын билдиби болду да эми кара кучко сала бербей!!Мындай зоокурлорго чара корулуш кк